Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты
RU

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмак даражада Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Жоламан Шаршенбеков алгач 1/8 финалдан баштап, Венгриялык Кристиан Кечкеметини 8:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалда спортчу АКШлык Илдар Хафизов менен беттешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8326