"Бактылуу болууга акың бар!" 8-мартта аялдардын укугун коргогон митинг өтөт
RU

"Бактылуу болууга акың бар!" 8-мартта аялдардын укугун коргогон митинг өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Марштын маршруту төмөнкүчө: "Ак үй" - Революция үчүн күрөшкөндөрдүн эстелеги (Уркуя Салиеванын эстелиги, Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши). Иш чара 13:00дө башталат.

Марштын уюштуруучулары 8-март бул бардык эмгектенген аялдардын майрамы экенин белгилешет. Өзүңдүн социалдык, экономикалык жана саясий укугуң үчүн кайсы жерде күрөшөсүң айырмасы жок, үйдөн иштеп, офисте же станоктун жанында.

"Бул күн эч качан үй-бүлөнүн, жаздын же аялдык назиктиктин майрамы болгон эмес. Бүл күнү аялдар социалисттер жана коммунтисттердин демилгеси менен биригишип, өзүнүн социалдык укуктарын коргоп, адилеттүүлүктү жана теңчиликти талап кылып келишкен", - деп уюштуруучулар билдиришти.

Ошондуктан майрамдын чыныгы маңызын кайтаруу керек. Бул өз жашооңдун толук кандуу ээси болуп, өз алдыңча чечим кабыл алуу жана "аялдык бакыт" тууралуу негизсиз убадаларга ишенбөө дегендик.

Марштын уюштуруучуларынын айтымында аялдык бакыт - бул:

  • Акысыз жана сапаттуу саламаттыкты сактоо системасы;
  • Иштөөгө татыктуу шарттар, бирдей айлык төлөө, дискриминациядан тышкары болуу;
  • Сексизмди камтыбаган акысыз сапаттуу билим алуу;
  • Жеткиликтүү шаар мейкиндиги жана жакшы экологиялык кырдаал;
  • Башкаруунун бардык катмарларында аялдардын толук кандуу саясий катышуусу;
  • Коопсуз үй жана коопсуз көчөлөр;
  • Тең укуктуу жана күчкө салбаган мамиле, сүйүү;
  • Жеке оюңду эркин билдирүү;
  • Эс алуу, чыгармачылык жана өзүңдү өнүктүрүү үчүн убакыттын болуусу;
  • Тынчтык чогулуштарынын эркиндиги.

"Сен бактылуу болууга татыктуусуң! Биз менен бирге күрөш! Маршка чык!"

Эске салсак, 2020-жылы 8-мартта Bishkek Feminist Initiatives тилектештик маршын өткөрүү аракетин жасаган. Бирок, белгисиз эркектер провакация уюштуруп, акцияны үзгүлтүккө учуратышкан. Акцияны уюштурган айымдардын пикири боюнча, милиция менен чагымчылардын ортосунда макулдаштык бар болчу. 50дөн ашык киши ИИБге жеткирилип, камакка алынып, айрымдары жаракат алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/832