"Качан кетесиз?". Акылбек Жапаров окурмандын суроосуна жооп берип, талкуу жаратты
RU

"Качан кетесиз?". Акылбек Жапаров окурмандын суроосуна жооп берип, талкуу жаратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык тармактагы баракчасына Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатын түз эфирден көрүп жаткан сүрөтүн жарыялады.

"Азыр эле түз эфирден Жоламан Шаршенбековдун финалга чыгыш үчүн казак жигитти жеңгенине күбө болдум! Биздин баатырларыбыз менен сыймыктанабыз! Жалпы элибиз жеңиш тилеп, сүрөйт! Алга!", - деп билдирүү да калтырган.

Интернет колдонуучулардын арасында Акылбек Жапаровдун жогорудагы билдирүүсүнүн алдына "качан кетесиз?" деген суроо калтырган. Министрлер кабинетинин төрагасы окурмандын суроосун жоопсуз калтырбай "шашпай" деген.

Акылбек Жапаровдун жообу күлкү жаратып, кызуу талкуу башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8335