Бишкекте секелек кыздар өрттөн жабыркады
RU

Бишкекте секелек кыздар өрттөн жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте турак үйдүн чатыры күйүп, анын кесепетинен жашы жете элек кыздар жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кыздардын бири 13, экинчиси 12 жашта.

Белгилүү болгондой, Серпухов көчөсүндөгү турак үйдүн чатырынан өрт чыгып, саат 20:23тө толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен 12 жаштагы К.С. аттуу кыз иске ууланып, 13 жаштагы Н.Т. аттуу кыз көзүнөн жаракат алды.

Жабыркагандар "Тез жардам" кызматына өткөрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8336