Диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн мыйзамсыз иммигрант кармалды. Видео
RU

Диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн мыйзамсыз иммигрант кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн жана диний-экстремисттик идеологияны жайылтуу менен алектенген чет мамлекеттин жаранын кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Ч.Д.Днын убактылуу жашаган жеринен тинтүү учурунда ноутбуктар, электрондук сактагычтар, банк карталары, көп сандагы телефондор жана сим-карталар, ошондой эле "иликтөө иштерине тиешелүү башка материалдар" табылган. Кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8338