Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев "Байрактар" базасын салтанаттуу түрдө ачты. Сүрөттөр
RU

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев "Байрактар" базасын салтанаттуу түрдө ачты. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев УКМКнын чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент өткөн жылы биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен чек ара кызматына дрондор алынганын эске салды.

"Мен ар дайым Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө деп айтып келем. Куралдуу күчтөрдү чыңдоо аракетибиз коргонууга гана багытталганын баса белгилейм", - деди Жапаров.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерин базанын ачылышы менен куттуктап, алар "Мамлекеттик чек араны коргоону татыктуу улантып, мекенге жогорку жоопкерчилик жана патриоттук сезим менен кызмат кылаарын" белгиледи.

Жапаров авиабазанын инфраструктурасы жана мамлекеттик чек араны коргоодо сокку уруучу учкучсуз учактарды колдонуу менен күжүрмөн кезметти уюштуруу менен таанышты.

Билдирүүдө белгиленгендей, "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттарды чек ара кызматынын тиешелүү даярдыктан өткөн кызматкерлери башкарат. Бул мамлекеттик чек араны асманда кайтарган чек арачылардын биринчи когортасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8346