Тенгиз Бөлтүрүк кармалды
RU

Тенгиз Бөлтүрүк кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура тарабынан "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк кармалды. Маалыматты башкы көзөмөл органдан ырасташты.

Ошондой эле камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

"Кармалгандардын баары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда", - дешти мекемеден.

Буга чейин, Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" ЖКЧсынын ишмердүүлүгүн текшерип, убактылуу тышкы башкаруу учурунда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш ишин козгогон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8351