Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болууда
RU

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактан улам ок атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районуна караштуу Булак-Башы участкасында кызмат кылып жаткан Кыргызстандын чек арачылары такталбаган аймакта жүргөн тажик чек арачыларын аймактан чыгып кетүүсүн талап кылган.

Кыргыз тараптын талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Буга жооп катары кыргыз тарап да курал колдонушкан.

"Чек ара отряддарынын ортосунда кагылышуу башталып, анын жүрүшүндө тажик тарап минометторду колдонду. 2022-жылдын 14-сентябры саат 09:30га карата ок атышуу маал-маалы менен болуп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок.

Баткен чек ара отрядынын башчысы окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Ошондой эле, КР УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен УКМКнын Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын ортосунда телефондук сүйлөшүүлөр болгондугу маалымдалды. Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн тараптар жолугушууну пландаштырууда.

"Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Ооруканалар медициналык жардам көрсөтүү үчүн жетиштүү көлөмү менен камсыздалган", -деп айтылат билдирүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8360