Баткендеги ок атышуу толугу менен токтоду
RU

Баткендеги ок атышуу толугу менен токтоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы ок атышуу азыркы саатка карата толугу менен токтоду. Бул туурасында президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Ал белгилегендей, учурда Баткен районундагы Булак-Башы жергесиндеги чек арачылар ок атышууну токтотушту.

"Учурда Чек ара кызматынын, УКМКнын жана ИИМдин облустагы өкүлдөрү Согди облусунун күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жолугушуп, бирдиктүү иликтөө ишин жүргүзүүдө. Облустун башка аймактарындагы чек арада абал жалпысынан тынч. Кырдаал чек арачылардын көзөмөлүндө", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-сентябрда Булак-Башы участкасында кызмат өтөп жаткан Кыргызстандын чек арачылары такталбаган аймакта жүргөн тажик чек арачыларын аймактан чыгып кетүүсүн талап кылган. Кыргыз тараптын талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Буга жооп катары кыргыз тарап да курал колдонушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8366