Баткенде кайрадан ок атышуу болду
RU

Баткенде кайрадан ок атышуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде чек ара тилкесинде ок атышуу кайра башталды. УКМКнын чек ара кызматынан маалымдашкандай, саат 14:00гө карата тажик тарап кайра ок чыгарды.

Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Как-Сай аймагындагы "Достук" заставасына карай ок чыгарышты. Буга кыргыз тарап жооп кылып, курал колдонду.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-сентябрда Булак-Башы участкасында кызмат өтөп жаткан Кыргызстандын чек арачылары такталбаган аймакта жүргөн тажик чек арачыларын аймактан чыгып кетүүсүн талап кылган. Тажик чек арачылары талаптарга көңүл бурбай, ок чыгарып, кыргыз тарап да буга жооп кылган. Кийинчерээк аталган аймакта ок атышуу токтогону маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8369