Бишкекте окуучу кыз мектептин экинчи кабатынан секирди. Себеби айтылды
RU

Бишкекте окуучу кыз мектептин экинчи кабатынан секирди. Себеби айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте №9 мектептин окуучусу экинчи кабаттан секирди. Ал апасы менен конфликтке баргандан кийин секиргенин Kaktus.media`га Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Окуучуга тез арада медициналык жардам көрсөтүлгөн.

"Кыздын жамбаш сөөгү жана согончок сөөгү сынган. Ал Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылды. Бейтап учурда дарыланып жатат, адистердин көзөмөлүндө", - деп билдиришти муниципалитеттен.

Окуя боюнча учурда тергөө иштери башталганын милициядан кабарлашты.

Буга чейин окуучу кыздын жанынан электрондук тамеки табылып, ал коркконунан мындай кадамга барган болушу мүмкүн экени айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8388