Караколдо эки аял каза болду. Шектүү баңгизат менен кармалды
RU

Караколдо эки аял каза болду. Шектүү баңгизат менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол шаардык милициясы шаардын Кашка-Суу кичи районунда эки аялдын өлтүрүлүшү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, 14-сентябрда түнкү саат 00:00дө кичирайондогу батирлердин биринен эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Маалыматка ылайык аялдардын жансыз денелеринен бычактан алган жаракаттарды табышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгында маркум 57 жаштагы К.Г. жана 56 жаштагы К.С. жергиликтүү тургундар экени аныкталган. Окуя болгон жерден аш кана бычагы табылды деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1978-жылы туулган Ч.У. кармалды.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда балкондон кара куурай жыты бар зат, ошондой эле кара куурай жыты бар спирттүү суюктук табылган. Шектүүгө карата "Баңги заттарды мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Киши өлтүрүү фактысы боюнча бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8392