Марипов Бишкектин жетекчисине, шайлоодо админ ресурс колдонгон болбойт, деп эскертти
RU

Марипов Бишкектин жетекчисине, шайлоодо админ ресурс колдонгон болбойт, деп эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновго жергиликтүү шайлоо учурунда админресурсту колдонуу мүмкүн эмес деп айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат берди.

Жолугушуу учурунда, жергиликтүү кеңешке шайлоону уюштуруу, экологиялык кырдаал, экономикалык абалды жакшыртуу жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Марипов шайлоону таза жана ачык өткөрүү зарылчылыгын баса белгилеп, админресурсту колдонуу мүмкүн эместигин эскертти.

Өкмөттүн жетекчиси жакында курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолукканын айтып берип, курулуш секторуна жардам берүү керектигин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/839