Чек ара кызматы: Тажик тарап макулдашууларды бузуп, чыккынчылык менен кол салууда
RU

Чек ара кызматы: Тажик тарап макулдашууларды бузуп, чыккынчылык менен кол салууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салууда. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашат.

Мамлекеттик чек арада провокациялар көбөйүп, Тажикстандын чек арачылары (аскер кызматкерлери катары аныкталбаган) адамдар тарабынан куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатат. Ошондой эле Кыргызстандын жарандарына жана аскер кызматкерлерине карата ар кандай чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди, сабырсыздыктын акыркы чегине жеткирип ар кандай агитацияларды жана идеяларды пропагандалоону жүргүзүп жатышат. Мунун баары мамлекеттик чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналат жана Тажикстандын бийлиги кырдаалды көзөмөлдөй албай жатканын, анын үстүнө куралдуу кагылышуулардын күчөшүнө салым кошуп, адам өлүмүнө да, курмандыктарына да алып келүүдө жана эки өлкөнүн жарандык инфраструктурасына зыян алып келүүдө.

УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарапты ок атышууну токтотууга жана куралдуу кагылыштарды деэскалациялоого жана биргелешип кайтарылган чек арада тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8401