Чек ара жаңжалынан улам жергиликтүү тургундар эвакуациялана баштады
RU

Чек ара жаңжалынан улам жергиликтүү тургундар эвакуациялана баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы Ак-Сай жана Кызыл-Бел айылдарынын тургундарын Самаркандек айылына көчүрүүнү баштады. Бул тууралуу маалыматты Kaktus.media сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы координатору тастыктады.

Анын айтымында, учурда аялдар менен балдар мамлекеттик мекемелерге – мектептерге жана башкаларга эвакуацияланууда.

Бүгүн, 16-сентябрда эртең менен тажик тарап Кыргызстандын чек арачыларынын позицияларын бир убакта бир нече жерден аткылай баштады. Чек ара кызматы эки республиканын чек арасында өрт жүрүп жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8403