Баткенде тажиктер мектепти ээлеп алды
RU

Баткенде тажиктер мектепти ээлеп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасындагы аймактарында абал саат 14:00гө карата чыңалуу бойдон калууда. Тажик аскерлери Достук айылындагы мектеп имаратын ээлеп алышты.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, тажик тарап чек арадагы калктуу пункттардан аткылап жатышат.

"Муну менен алар жай тургундарды тирүү калкан катары колдонуп, чоң жоготууга учуроодо. Куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө Кыргызстандын Чек ара кызматы тажиктердин "Ляккан" жана "Богдари" чек ара заставаларына сокку уруп, бир канча оор техникаларын жок кылды. Чек ара кызматынын өздүк курамы айыгышкан салгылашууларды улантууда, кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша адекваттуу чараларды көрүп, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн заманбап курал-жарактарды жана техникаларды колдонууда", - деп айтышты.

Буга чейин Тажикстандын аскерлери Баткен шаарындагы стратегиялык объекттерди аткылап баштаганы кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8416