Депутат: Кыргызстан менен Тажикстан саат төрттөн тарта ок атышууну токтотууну макулдашты
RU

Депутат: Кыргызстан менен Тажикстан саат төрттөн тарта ок атышууну токтотууну макулдашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дөн тарта ок атышууну токтотууну макулдашты. Бул тууралуу депутат Алишер Козуев билдирди.

Анын айтымында, бул тууралуу бир нече мүнөт мурун депутаттардын митингчилер менен жолугушуусунда белгилүү болгон.

"Буйурса, саат 16:00дөн баштап ок атуулар токтотулат. Бизге ыкчам маалымат берилди", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8420