Макулдашууга карабай тажик тарап кайрадан ок чыгарууда
RU

Макулдашууга карабай тажик тарап кайрадан ок чыгарууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууларды карабай, тажик тарап кайрадан ок атууну улантып жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.

УКМКнын маалыматы боюнча саат 18:30га карата чек арада абал тынчыган жок.

"Тажик тарап Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Кулунду аймактарын көздөй кайрадан ок чыгарып жатат. Алар залптык октун реактивдүү тутумун пайдаланганы аныкталды", - Деп билдирген.

Кыргызстандын чек арачылары ок атууну токтотуу үчүн бардык аракетин көрүп жатканы кошумчаланды.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев макулдашуу болгонун ок атуу токтой турганын билдирген эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8427