УКМК: Тажик аскерлери кыргыз чек арачыларынын сөөгүн шылдыңдап жатышат
RU

УКМК: Тажик аскерлери кыргыз чек арачыларынын сөөгүн шылдыңдап жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КР УКМКсы рассмий билдирүү жасап "макулдашууларга карабастан, тажик аскерлери чек ара заставаларына чабуул жасап, заставалардын инфраструктурасын гана эмес, мектеп, бала бакчалар, соода түйүндөрү, фельдшердик-акушердик пункттар, үйлөр сыяктуу социалдык объектилерди да талкалап жатат", - деп белгиледи.

"Кыргыз Республикасынын чек арачыларына акарат келтирип, каза болгондордун сөөктөрүн мазактап, андан ары пропагандалык максатта колдонуу үчүн фото жана видеого тартып жатышат", - деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Мамлекеттик комитет "Кыргызстанга каршы саясаттын алкагында фактыларды бурмалоого жана Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүүгө аракет кылып, алар бул сүрөт жана видеолорду дүйнөлүк маалымат мейкиндигинде өздөрүнө ыңгайлап колдонушат", - деп ырастайт.

Мындан улам КР УКМКсы чек аранын эки тарабындагы коомчулукту кырдаалга кыраакылык менен баа берип, объективдүү баа берүүгө чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8430