Баткендеги жаңжалда 24 адам каза тапты
RU

Баткендеги жаңжалда 24 адам каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан Кыргызстандын 24 жараны каза болгонун билдирди.

"Ыкчам маалымат боюнча, Баткен облусунун ооруканаларына 24 адамдын сөөгү келип түшкөн. Баткен облустук бириккен ооруканасында 12, Лейлектеги жалпы дарыгерлик практикасында 10, Кулундуда 2 адам каза болду", - деп белгилейт мекемеден.

17-сентябрда саат 1:30га карата жабыркагандсрдын саны 87 болду. Алардын 27си Бишкекке жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8434