Чек ара кызматы: Тажиктер өз үйлөрүнө атайылап өрт коюшту (видео)
RU

Чек ара кызматы: Тажиктер өз үйлөрүнө атайылап өрт коюшту (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Чек ара кызматы 17-сентябрга караган түнү саат 02:30 чамасында Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуган дейт. Мекемеден тажик тарап ок атышпоо учурунда Богдари айылында Тажикстандын жарандары өз үйлөрүн өрттөй баштаганын белгилейт.

Тажикстандын жарандарынын мындай аракеттери кыргыз тарапты мындан ары алардын үйлөрүн талкалады деп айыптоо максатында атайын жасалган провокация болуп саналат.

Ошондой эле саат 00:10дон 00:40ка чейин "Гулистон" (Тажикстан) өткөрүү пунктунда эки тараптын жолугушуусу болду. Алар 17-сентябрда саат 09:00гө чейин мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде провокациялардын жана ок атышуулардын алдын алуу боюнча иштерди уюштурууну сүйлөшүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8436