Тажик аскерлери басып алган бардык айылдар бошотулду
RU

Тажик аскерлери басып алган бардык айылдар бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажик аскерлери басып алган айылдардын баары бошотулду, бирок абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, түнкүсүн ок атышуу болгон эмес, бирок кырдаал курч.

"Биз чек арада кырдаал турукташканга чейин тажик тарап менен иштешебиз. Кыргыз бөлүктөрү басып алган айылдарда түнү менен тажик аскерлеринен бошотту", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8438