"Аллаху акбар" деп кыйкырып, мылтыктан аткан өспүрүм балдар камакка алынды (видео)
RU

"Аллаху акбар" деп кыйкырып, мылтыктан аткан өспүрүм балдар камакка алынды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү болгондой, 1-мартта социалдык тармактарга мылтык атып, "Аллаху акбар" деп кыйкырган өспүрүм балдардын видеосу тараган.

Бул факт боюнча издөө иштери башталып, өспүрүмдөрдүн өздүгу аныкталган. Алар 17 жана 16 жаштагы Өзгөн районунун, Эркин-Тоо айылынын тургундары экени белгилүү болду.

2020-жылдын сентябрь айында, өспүрүм балдардын бири үйүнөн мылтык алып чыгат. Ал классташтары менен талаага чыгып, туш келди аткылай башташат. Болуп жаткандарды өспүрүмдөрдүн бири камерага тарткан.

Өспүрүмдөрдүн үйүн тинтүү жүргүзүлүп, ок атуучу курал алынды. Тергөө иши уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/843