Баткенге өзгөчө кырдаал режими киргизилди
RU

Баткенге өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунун аймагына өзгөчө режими киргзилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдришти.

Куралдуу чыр-чатакка байланыштуу аймактагы тынчтык абалды калыбына келтирүү, кагылышуунун очогундагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуациялоо көчүрүү иштерин жүргүзүү, адам өлүмүнө жеткирбөө жана тийиштүү күчтөрдү мобилизациялоо максатында Баткен облусунун Жарандык коргонуунун башчысы, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Өзгөчө кырдаал жарыяланган аймак Баткен облусун камтыды.

Белгилей кетсек, Тажикстан 16-сентябрдын таңында Баткендеги бир катар участкаларды аткылап баштаган. Бир нече жолку сүйлөшүүлөргө, макулдашууларга карабай тажик тарап аткылоону бүгүн, 17-сентябрда да улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8441