УКМК массалык маалымат таратуучуларга маанилүү эскертүү берди
RU

УКМК массалык маалымат таратуучуларга маанилүү эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Учурда талкалоочу күчтөр учурдагы абалдан пайдаланып жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет аркылуу, өлкө жетекчилигинин, күч түзүмдөрүнүн аракеттерин атайылап каралаган жалган маалыматтарды таратып, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузуу аракеттерин көрүүдө", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Ар тараптуу кызыккан күчтөр ушиндай жол менен Кыргызстандын бийлигин Кыргызстан элинин жана дүйнөлүк коомчулуктун алдында терс өңүттө ашкерелеп, көп жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөр үчүн күнөөлүү көрсөтөт.

"Мамлекеттик чек арадагы оор кырдаалдын жана маалымат айдыңында түзүлгөн кырдаалда Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүү аракеттери көрүлүүдө. Канчалык саясий салмагы, таасири болсо да өлкө үчүн оор мезгилде кыргыз мамлекетине чыккынчылык кылган учурлар үстөмдүк кылып жатат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна жана эгемендигине зыян келтирген мындай аракеттер үчүн мүмкүн болуучу оор кылмыш жоопкерчилиги берилерин эскертет", - деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Ошондой эле бардык саясий күчтөрдү жана коомчулукту кырдаалга этият баа берүүгө, чагымчыл аракеттерге алдырбоого, тескерисинче, мамлекеттик органдарга жана өлкөгө жаңжалды тез арада жөнгө салуу маселелеринде жардам берүүгө чакырат.

"УКМК бардыгын, өзгөчө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, бейөкмөт уюмдарды, активисттерди, блогерлерди жана башкаларды, такталбаган, жалган, көп учурда чагымчыл маанайдагы маалыматтарды чыгарып, жайылтпоого чакырат. Бул үчүн мыйзамда тиешелүү кылмыш жана башка жоопкерчилик каралган. Ошондой эле жарандар өзүнүн жарандык милдетин билүү зарыл", - деп жыйынтыктады комитет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8448