АКШ Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу тууралуу маалымат үчүн миллион доллар сунуштады
RU

АКШ Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу тууралуу маалымат үчүн миллион доллар сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШ элчилигинин Камчыбек Көлбаевдин бошотулушу боюнча билдирүүсү Америка Кошмо Штаттары баңги заттарын сатуу, адам сатуу, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш иш-аракеттери менен алектенген кылмыштуу тармагы бар, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, киши өлтүрүү үчүн жоопко тартылган Камчыбек Көлбаевдин бошотулгандыгына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет, деп АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымат берди.

"Камчыбек Көлбаевдин баңги заттарын сатуу тармагы Борбор Азияда, Россияда жана Европада балдарды ууландырып келет, ушул себептен АКШнын Мамлекеттик департаменти анын кылмыштуу тармагынын бузулушуна алып келген маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылган," –  деп билдирди АКШнын элчиси Дональд Лу.

Жакында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилиги менен болгон жолугушууда элчи Лу АКШнын кыргыз укук коргоо органдарынын Көлбаевдин ишин иликтөө жана сот алдында жоопко тартуу аракетин колдоо боюнча АКШнын милдеттенмесин кайталаган.

Ошондой эле, ал Вашингтондун Көлбаевдин кылмыштуу тармагын бузгандыгы үчүн сунуш кылынган сыйлыкты көбөйтүү жана кыргыз өкмөтүнө өлкөнү Көлбаевдин кылмыштуу синдикатынын аракеттеринен келип чыккан коркунучтан арылтууга көмөктөшүү максатында кыргыз жарандарына бул сыйлыкты чогултууга мүмкүнчүлүк берүүчү өркүндөтүлгөн механизмди түзүү ниетин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/844