Өлкөнүн дубандарынан Баткенге гуманитардык жардам жөнөтүлүүдө
RU

Өлкөнүн дубандарынан Баткенге гуманитардык жардам жөнөтүлүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жабыркап, үйлөрүн таштап коопсуз жайга качууга аргасыз болгон Баткен элине гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө. 16-сентябрда гуманитардык жардам чогултуу иштери облустарда жана Бишкек шаарында башталды.

Бишкек шаары

Баткен жергесинде жабыр тарткан мекендештерибизге көмөк көргөзүү максатында министрлер кабинети тарабынан уюштурулган "Баткенге жардам" штабы учурда күнү- түнү токтоосуз иш алып барып жатат. Анда азык-түлүктөр, дары-дармектер, күнүмдүк керектелүүчү чарба буюмдары, кир жуучу каражаттар жан жууркан, төшөктөр чогултулууда. Гуманитардык жардамдарды таңгактоого жалпы 1500гө жакын ыктыярдуу жаштар иштеп жатат. 17-сентябрь саат 16:00гө карата штабдан Баткен облусуна 5 оор жүк ташыган унаалар менен жардамдар жөнөп кетти.

Чүй облусу

Облус аймагында гуманитардык жардамды 12 пункт кабыл алууда. Топтолгон азык-түлүк топтому, күнүмдүк жашоодо колдонула турган каражаттар жана кийим-кече 9 жүк ташуучу фурага жүктөлүп, Кара-Балта шаарынан Баткен облусуна жөнөтүлдү.

Ош облусу

16-сентябрда Оштон Баткен элине ун, өсүмдүк майы, суусундуктар, күрүч, макарон, нан, санитардык каражаттар түрүндө 100 тонна жардам жиберилди. Гуманитардык жардамга Ош облусунун райондорунан, Ош шаардык мэриясынан, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан каражат бөлүндү. Бүгүнкү күндө жардам чогултуу иштери улантылууда.

Жалал-Абад облусу

Облус аймагында жалпысынан 13 район, шаардык деңгээлде штаб түзүлдү. 16-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаалары менен Жалал-Абад облусунан Баткенге жергиликтүү бийлик жана шаардагы ишкерлер тарабынан 5 тонна өсүмдүк майы, 5 тонна ун, 3 тонна күрүч, 3 тонна макарон, 2 тонна кумшекер, 4640 даана нан, 400 блок ичүүчү суу жеткирилди. Учурда Баткен жерине тамак-аш жана кийим-кечелер жергиликтүү тургандар жана жеке ишкерлер тарабынан берилүүдө.

Талас облусу

Облустун 4 районунда гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча 22 пункт ачылып, азык-түлүктөр жана саат 15:00гө карата 850000 миң сом акча каражаты чогулду. ӨКМнын коштоосунда жардам Баткенге жөнөтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Аталган аймак боюнча жалпы 69 пункт ачылып, ар кандан азык-түлүк, кийм-кече түрүндөгү жардам чогулууда. Бүгүн ӨКМ тарабынан чогулган гуманитардык жардам Баткен облусуна жөнөтүлөт.

Нарын облусу

Аталган дубан боюнча мекеме-ишканалардын кызматкерлери 1 күндүк айлык акысын которушат. Мындан сырткары 48 кой, 17,8 тонна картошка, 100 килограмм буудай, 50 килограмм кесме, 20 литр өсүмдук майы, 10 коробка чай облустагы райондордун элинен чогултулду. Гуманитардык жардам чогултулган соң Баткенге сапар алат.

Мындан тышкары Баткенде жабыркаган элге жардам көрсөтүү максатында кыргыз жарандарынан ошондой эле башка ыктыярчылардан чогулган каражаттын суммасы 17-сентябрь саат 15:30га карата 3 миллион 598 миң 430 сомду түздү. Ал эми БУУнун Кыргызстандагы азык-түлүк программасы Баткенге 40 тонна жардам жеткирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8450