Акылбек Жапаров тажиктердин кол салуусунан жабыркаган бейтаптардан кабар алды (сүрөт)
RU

Акылбек Жапаров тажиктердин кол салуусунан жабыркаган бейтаптардан кабар алды (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда жаракат алган балдардын жана жарандардын абалынан кабар алды.

Акылбек Жапаровго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тийиштүү дарылануу жана психологиялык жардам алып жаткан 7 баланын абалы тууралуу маалымат берилди.

Андан соң төрага Улуттук госпиталда дарыланып жаткан жарандарга жана аскер кызматкерлерине барды. Учурда медициналык мекемеде 36 адам дарыланууда, жабыркагандардын абалы орто жана оор деп мүнөздөлөт.

Министрлер кабинетинин башчысы бардык жабырлануучулар тийиштүү дарылануу жана андан ары ден соолугун калыбына келтирүү менен камсыздалаарын баса белгиледи. Акылбек Жапаров жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8456