Баткенде жергиликтүү тургундун үйүнө түшкөн снаряд жарылып, 3 адам мерт кетти
RU

Баткенде жергиликтүү тургундун үйүнө түшкөн снаряд жарылып, 3 адам мерт кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстан 2 күңдөн бери куралдуу кол салуусун улантып, маал-маалы менен ок чыгарышууда. Баткен районунун Орто-Боз айылында жергиликтүү тургундун үйүнө миномёттун снаряды түштү. Кырсыктан 3 адам каза болгонун жеринде окуяга күбө болгон жаран билдирди.

Видеодон көрүнгөндөй, снаряд жарылып, үйдүн дубалдары урап түшкөн. Каза болгондордун сөөгүн жергиликтүү тургундар урандынын алдынан чыгарышкан.

УКМКнын Чек ара кызматы аймакта абал чыңалуу бойдон турганын айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8458