Бишкектин өлүкканасына 3 аскердин сөөгү жеткирилди
RU

Бишкектин өлүкканасына 3 аскердин сөөгү жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын мамлекеттик чек ара аймактарындагы куралдуу кол салуусунан каза болгондорлун ичинен 3 аскердин сөөгү борбор калаадагы өлүкканага жеткирилди. Бул тууралуу маалыматты Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунан Kaktus.media"га тастыктады.

Борбордон дагы башка каза болгондордун сөөгү келиши мүмкүн экенин айтышты. Бирок санын айтышкан жок.

"Жансыз денелерди көмүүгө даярдайбыз. Маркумдардын сөөктөрүн коштоочуларга өткөрүп беребиз, алар райондорго, облустарга жеткирет", - деп түшүндүрүштү борбордон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8465