3 баланын атасы болчу. Тажикстандын кол салуусунан куткаруучу окко учту
RU

3 баланын атасы болчу. Тажикстандын кол салуусунан куткаруучу окко учту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан ӨКМнын кызматкери каза тапты. Ал 35 жашта болгон дешет министрликтен.

Лейтенант Айбек Ысманов 1987-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну. 2010-жылдан бери ӨКМнын Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп, Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан.

16-сентябрда кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты.

Артында 3 уулу, жубайы калды.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ӨКМнын бир кызматкери мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8468