Баткен маселеси: Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулат
RU

Баткен маселеси: Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңеш Тажикстандын аскерий агрессиясы боюнча чукул жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Дастан Бекешев социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.

Жогорку Кеңешинин комиссиясы Тажикстандын Кыргызстанга басып киришинен улам келтирилген материалдык чыгымды эсептеп жатканын кошумчалады. Комиссия алты адамдан турат.

Буга чейин депутат Эльвира Сурабалдиева да парламент чукул жыйын өткөрүп Тажикстандын агрессиясы боюнча БУУга кайрылуу зарылчылыгы айтылып жатканын билдирген. Кийинчерээк эл аралык комитеттин башчысы тиешелүү кагаздарды даярдап жатышканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8473