Тажик тарап Баткендеги 36 метрлик көпүрөнү жардырышты
RU

Тажик тарап Баткендеги 36 метрлик көпүрөнү жардырышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажик тарап Баткендеги Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык көпүрөнү 16-сентябрда жардырышкан. Ал Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун жетинчи чакырымында болгон.

Көпүрөдөн өткөрүлүшү керек болгон жүктөгүч техника, жеңил автоунаа жана эки бульдозер чек арага жакын жерде калган. Министрлик аларды азыр алып кетүүгө мүмкүн эмес экендигин кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8474