19-сентябрь өлкөдө улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды
RU

19-сентябрь өлкөдө улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, эртең, 19-сентябрь Кыргыз Республикасында улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул туурасында президентти администрациясынан кабарлашат.

14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте кыргыз жарандары курман болду. Каза болгондорго терең кайгыруу менен аза күтүп, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, президент токтом кылды.

Ага ылайык:

  • Өлкөдө 19-сентябрь улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялансын;
  • Улуттук Аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн;
  • маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8482