Путин Жапаров менен Рахмонго эмне деди? Кремль версиясы
RU

Путин Жапаров менен Рахмонго эмне деди? Кремль версиясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана тажик президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады.

"Владимир Путин тараптарды мындан аркы эскалацияга жол бербөөгө жана кырдаалды тез арада тынчтык, саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө чакырды жана кыргыз-тажик ортосундагы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Россия зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенин ырастады", - деп айтылат Кремлдин билдирүүсүндө.

Кремль ошондой эле орус президенти мындан ары эки өлкөнүн президенттери менен байланышын үзбөй турганын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8484