Чек ара кызматы: Баткенде, Чоң-Алайда кырдаал чыңалуу бойдон
RU

Чек ара кызматы: Баткенде, Чоң-Алайда кырдаал чыңалуу бойдон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-сентябрь саат 22:30гө карата кыргыз-тажик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал турукташтыруу тенденциясы менен чыңалуу бойдон сакталып турат.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиргендей, жетишилген макулдашуулардын алкагында мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күч жана каражаттар чыгарылып жатат.

Эки республиканын укук коргоо органдары чек ара аймактарында коомдук тартипти көзөмөлдөп, Худжанд-Канибадам/Арка-Бөрбордук унаа жолунда биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүдө.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8488