Тажикстандын куралдуу кол салуусу боюнча кылмыш иши козголду
RU

Тажикстандын куралдуу кол салуусу боюнча кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдайт. Учурда Баткен облусунда абал туруктуу болгону менен чыңалуу сакталууда.

Баткен облусунун аймагында орун алган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен кылмыш иши козголду.

"Тажикстандын кол салуусу боюнча ар тараптуу, кылдат текшерүү иштерин алып баруу боюнча ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлүп, тергөө иштери башталды. Тергөө тобунун курамы ИИМдин, Башкы прокуратуранын, Аскер прокуратурасынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, өзгөчө кырдаалдар жана коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлүп, иштеп жатышат. Түзүлгөн топ жабыркаган айылдарды карап, келтирилген чыгымдарды аныктоо иш-чараларын башталды", - дешет мекемеден.

Учурда эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул кызматтары күнү-түнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Андан сырткары Баткен жана Лейлек райондорунда зыянга учураган айылдарда жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери да жасалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8501