"Кулактарын кесип". Коопсуздук кеңешинин чек арадагы жаңжал боюнча маанилүү билдирүүлөрү
RU

"Кулактарын кесип". Коопсуздук кеңешинин чек арадагы жаңжал боюнча маанилүү билдирүүлөрү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-сентябрда Коопсуздук кеңеши маалымат жыйын өткөрдү. Баткендеги жаңжал тууралуу айткан маанилүү сөздөрү.

  • Тажик тарап жаңжалдан эки, үч күн мурун эле агрессияга даярдана баштаган. Кыргызстандын чек арачылары тажик тарапка такталбаган жерлерге кирбөөнү эскерткенине карабай биринчи болуп ок чыгара башташкан.

  • Тажикстандын Коопсуздук кеңеши менен ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүлгөн. Буйрукка карабай алар кайра аткылоону башташкан.

  • Айрым кыргызстандык жоокерлер мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аскерлердин сөөктөрүн мазактап, кулактарын кескилеп салышкан.

  • 16-сентябрда катуу атышуу болуп жаткан учурда Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы менен жолуга алган эмес. Атышуу алардын жолугушуусуна тоскоолдук жараткан. (Бирок Ташиев 16-сентябрда Тажикстандын аймагы - Исфара шаарында жолугушуу өткөнүн билдирген эле).

  • Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 35 адам каза болуп, 25 тажик жараны жарадар болгонун кабарлаган.

  • Кыргызстандын чек арачылары биринчилерден болуп ок аткан жок. Тажик тарап конуштарды тоноп, өрттөп, көп жолу ракеталык системаны колдонушту. Ошондо гана атууга аргасыз болушкан. Жада калса 17-сентябрь күнү алар Чоң-Алайга ок ата баштаганда да аларга жооп беришкен эмес. Кийин снаряддар жакындай баштаганда биздикилер да ата баштады. Ошондо гана алар ок атууну токтотушкан.

  • Кыргызстан өзүнүн күчтөрүнө ишенет. Эгер аябай керек болсо гана мобилизация жарыялайбыз. Тажик тарапка окшоп карапайым калкка курал карматпайбыз.

  • Тажик элин күнөөлөбөйбүз, айрым саясий чөйрөлөр күнөөлүү. Биз жүздөгөн жылдар бою тынчтыкта ​​жашадык, мындан ары да жашай беребиз. Көйгөйлөрдүн согуштук жактан чечилишине жол бербейбиз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8507