ТИМ: Тажикстандын компетенттүү органдарынын маалыматы чындыкка дал келбейт
RU

ТИМ: Тажикстандын компетенттүү органдарынын маалыматы чындыкка дал келбейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрында Баткенде, Чоң-Алайда болгон окуяларды Тажикстан тарабынан алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы катары баалай турганын билдирет.

  • Тажик тараптын "Тажикстан Республикасына куралдуу агрессия жасалды" деген негизсиз айыптоолору жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргыз Республикасына жүктөө максатындагы ыплас аракет деп эсептейбиз;
  • Тажик тарап кеңири жайылган дезинформациялык кампанияны баштады;
  • Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү органдарынын маалыматы чындыкка дал келбейт;
  • Тажик аскерлеринин Кыргызстандын аймагындагы агрессиянын башталышы, ошондой эле бардык мыкаачылыктары жана кылмыштары чагылдырылган толук далилдер (фото жана видео материалдар) бар. Керек болгон учурда кыргыз тарап аталган далилдерди берүүгө даяр;
  • Тажикстан БУУнун Уставында жана башка эл аралык документтерде бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч колдонуу менен коркутпоо, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо сыяктуу өзөктүү эл аралык принциптерди одоно түрдө бузду;
  • Ок атышууну токтотуу боюнча бир нече жолку макулдашууларга карабастан, тажик тарап чагымчыл аткылоолорду улантып, Баткен районундагы Достук, Аксай, Интернационал, Жаштык, Борбордук, Арка, Кулунду сыяктуу айрым калктуу конуштарды басып алганын белгилейбиз;
  • Кыргыз Республикасы тажик тараптан айырмаланып бирөөнүн аймагын басып алуу максатын көздөбөстөн, жалаң гана коргонуу позициясын карманды;
  • Мурда жетишилген бардык макулдашууларды одоно бузуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча калктуу конуштарга негизсиз кол салган Тажикстан Республикасынын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине каршы чечкиндүү нааразычылык билдиребиз (тастыктоочу видео материалдар бар);
  • Тажик тарабынын туруктуу эмес куралдуу түзүмдөрүнүн жаңжалга активдүү катышуусу өзгөчө тынчсызданууну жаратат;
  • Тажик тараптын аракеттери мамлекеттер аралык ири жаңжалдын чыгышына, ошондой эле бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын чыңалышына алып келиши мүмкүн.

Тажик тараптын аракеттеринин кесепетинен 56 жаран каза таап, 183 адам жаракат алышты. Мындан тышкары 140 миңге жакын адам эвакуацияланууга мажбур болду. Ошону менен бирге чоң материалдык зыян келтирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8514