Садыр Жапаров АКШга кандай учак менен учуп кетти (жөнөкөй эмес)
RU

Садыр Жапаров АКШга кандай учак менен учуп кетти (жөнөкөй эмес)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн АКШга барды.

Жапаров президенттик ТУ-154 учагы менен эмес, бизнес учагы менен сапарга чыккан.

FlightRadar24 учууну көзөмөлдөө системасынын маалыматтары боюнча акыркы 24 саатта Бишкектен АКШга бир гана чартердик рейс болгон. Ал D-AFAM номерлүү Bombardier Global Express XRS бизнес-учагы тарабынан ишке ашырылган.

Система учак Ригадан 16-сентябрда келгенин көрсөтүп турат. 19-сентябрда саат 13:50дө учак "Манас" аэропортунан учуп, Германиянын Нюрнберг шаарына конгон. Андан соң АКШнын Нью-Жерси штатындагы Тетерборо аэропортуна учуп кеткен.

Бизнес учак АКШга Бишкек убактысы боюнча 20-сентябрда эртең менен келген.

Учак Германиядан (Нюрнберг) келген FAI Rent-a-jet компаниясына таандык.

Авиакомпаниянын сайтында көрсөтүлгөндөй учакка 15 киши отурса болот. Уктоочу жайлары бар жана ылдамдыгы 900 км/саат экени көрсөтүлгөн.

Бортто спутниктик байланыш, интернет, өзүнчө жумуш орундары бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8523