Президент: Тажик тараптын жасаган агрессиясына дайыма адекваттуу жооп кайтарып келебиз
RU

Президент: Тажик тараптын жасаган агрессиясына дайыма адекваттуу жооп кайтарып келебиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-сентябрда президент Садыр Жапаров АКШдагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөдү. Анда өлкө башчы Тажикстандын куралдуу кол салуусу тууралуу баяндады.

  • Кыргыз калкымдын сынына кабылсам да, ортолук аянтта жолук деген талапты коюшкан 2021-жылдын июнунда Дүйшөмбү шаарына учуп барып, Чек ара боюнча өз ара пайдалуу чечимди табууга аракет кылып, президент Рахмон менен жолугуштум.
  • Элим үчүн мен сүйлөшүүлөргө, ошол күндөгүдөй он саат гана коротпостон, бул маселени биротоло чечүү үчүн канча болсо да убактымды дагы деле коротууга даярмын.
  • Албетте, кандай чечим болсо дагы өз ара эки тарапка пайдалуу чечим болушу керек.
  • Ал эми ушул жылдын 14-16-17-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм.
  • Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.
  • 140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат.
  • Ушуга байланыштуу тилектештик жана моралдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУ системасына, досторубузга, өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем.
  • Жарандык жана аскердик объекттерге: үйлөргө, административдик имараттарга, мектептерге, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди.
  • Кандай гана болбосун материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен. Бирок өз өмүрүн аябастан мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң.
  • Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары бизди өтө капа кылууда, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөн болчу.
  • Пакта сунт серванда (Pacta sunt servanda) "Келишимдер сакталышы керек" деп латын макалында айтылат.
  • Биз тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз.
  • Коңшубуздун мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен биздин ишенимибиз солгундап кеткендигин эске алып, биз сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, Европа Кызматташтык жана Коопсуздук Уюму, Жамааттык Коопсуздук Кызматташтык Уюму сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз.
  • Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар.
  • Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз.
  • Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз!
  • Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз
  • Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү баса белгилейм: кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз.
  • Биз бардык чек ара жана чарба маселелери сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керек деп эсептейбиз.
  • Бүгүнкү күндө чек арага жакын райондордо коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге бөгөт коюу, эки мамлекеттин ортосундагы ишенимди бекемдөө маселелери абдан маанилүү болуп турат.
  • Ошондуктан биз сүйлөшүүлөргө, чек ара тилкелерибизди тез арада такташып бүтүүгө дайым даярбыз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8527