Бактенде 32 калктуу конуш электр жарыгысыз калган
RU

Бактенде 32 калктуу конуш электр жарыгысыз калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажик аскерлеринин аткылоосунан улам Баткенде трансформаторлор жана аба чубалгылары жарактан чыккан. Анын кесепетинен 32 калктуу конуш электр жарыгысыз калган. Анын 26сы Баткен районунда, 6сы Лейлек районунда.

Президентттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын энергетиктери куралдуу кагылышуу учурунда бузулган электр тармактарынын инфраструктуралык объектилерин калыбына келтирүүнү улантууда.

Калыбына келтирүү иштеринен кийин дагы 4 аба чубалгылары өчүк турат. Ошондой эле 0,4 кВ электр тармактарында да бузулуулар бар. Аймактарда толук текшерүү жүргүзүлгөн соң, келтирилген зыяндар дагы такталат. Бүгүнкү күндө жалпысынан 9831 абонент кайрадан электр энергиясына туташтырылды.

Оңдоо иштерин 100дөн адис аткарууда. Ыкчам-калыбына келтирүү бригадалары керектүү материалдар, атайын техника, күйүүчү-майлоочу материалдар, жабдуулар, запастык бөлүктөр менен жабдылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8528