Чек ара тилкелеринде түн тынч өттү
RU

Чек ара тилкелеринде түн тынч өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-сентябрь саат 09:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы кабарлайт.

20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.

Эскерте кетсек, 20-сентябрдан тарта кыргыз-тажик тилкесинде чек ара аймактарында жарылбай калган ок-дарыларды, миналарды, снарядтарды жана башка жардыргыч заттарды табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8530