"Көзү чачырап куюлуп калыптыр". Баткенден келген бейтаптардын абалы (видео)
RU

"Көзү чачырап куюлуп калыптыр". Баткенден келген бейтаптардын абалы (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын айрымдары Бишкектеги Улуттук госпиталга алынып келинген. Азыр гинекологиялык бөлүмдө экөө, көз оорулары бөлүмүндө төртөө жатат. Алардын азыркы абалы кандай экенин сурап көрдүк.

Эламан Лофтилаев кызмат өтөп жатып жаракат алган. Анын чатына ок тийип тешип өткөн. Ал айыкса эле кайра барып кызмат кыларын айтат.

"Биринчи болуп алар ок ата баштады. Мен саат 10:00дор чамасында ок жеп калдым. Андан кийинкисин билбейм. Азыр абалым жакшы болуп калды, эки, үч күндөн кийин басып каласың дешти",- дейт жоокер.

Ал эми жоокердин апасы биринчи баласы көз жумду деп кабарлашканын айтат.

"Балама ок тийип Бишкекке жиберилди дешти. Мен жарым жолго жеткенде "балаңыз көз жумуптур артка кайтыңыз" деген кабар уктум. Бирок мен ага карабай Бишкекке келе бердим. Жүрөгүм балам тирүү экенин сезди. Кийин кайра мага чалып адашып калышкандарын, балам тирүү экенин айтышты.

Шүгүр, азыр балам жакшы. Баткенге күчтүү заставаларды коюп коюшса жакшы болмок. Анткени алар Бишкектен барганча Баткен күүлүп калып жатат", - дейт апасы мукактанып.

Абдикундуз Ботобеков беш жерине миномёттун сыныктары тийип келген. Ал үй-бүлөсүн куткарам деп жатып жаракат алганын айтат.

"Ок атышуу башталганда үй-бүлөмдү коңшумдун унаасына салып башка жакка жөнөттүм. Ошол кезде миномёт атыла баштады. Качып баратканымда артыма келип түштү. Денем кызып кетип өзүмдү билбей калдым. Жан керек да, өзүмө келип эле кайра качып жөнөдүм. Анан туугандарым куткарып кетишти", - дейт ал.

Көз микрохирургиясынын башчысы Бактыгүл Мамытова жабыркагандар кандай абалда келгенин айтып берди.

"Бизге эң оор абалда снаряддын сыныктары көзүн чачыратып кеткен аскер келип түштү. Көзү куюлуп, сурмасы да жок болуп калган. Бизге келгенде көзүн чогултуп, тигип кайра хирургияга жибердик. Башка жактарына да ок тийген", - дейт ал.

Жабырлануучулардын дээрлик баары эгер кайрадан мындай окуя кайталанса да барып кызмат кылып, ошол жерде жашайбыз дешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8531