18 жаштан өткөндөрдү милдеттүү түрдө аскерге жөнөтүү сунушталды
RU

18 жаштан өткөндөрдү милдеттүү түрдө аскерге жөнөтүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18 жаштан өткөн ар бир жигитти милдеттүү түрдө аскерге жөнөтүү керек. Мындай сунушун бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Руслан Жакышев менен Надира Нарматова билдирди.

"18ден өткөн эр-азаматтарды сөзсүз түрдө армияга барууга милдеттендириш керек. 50 миң берип эле бир ай кызмат өтөп кутулушат. Ошону он эсеге көтөрүп, андан түшкөн каражатты армияны күчөтүүгө салыш керек", - деген сунуш киргизди Жакышев.

Надира Нарматова да кесиптешинин бул сунушуна кошулду.

"Бул сунушту четке какпашыбыз керек. Ар бир жаран укугун пайдалангандан кийин жоопкерчилгин да аткарууга милдеттүү экенин жеткиришибиз керек",- деген ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8533