Иманкулов Тажикстандын атайын даярдалган агрессиясы, президенттин кадамдары тууралуу айтты
RU

Иманкулов Тажикстандын атайын даярдалган агрессиясы, президенттин кадамдары тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов тажик тарап чек арадагы маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар эмес деп эсептейт. Мындай пикирин ал КТРКнын түз эфиринде билдирди.

Анын пикиринде, тажик тарап атайын дүйнөлүк коомчулукка сигнал берүү үчүн Самарканддагы саммит учурунда Кыргызстанга кол салууну чечкен.

Иманкуловдун айтымында, Жапаров Рахмон менен ал жерде да жолуккан. Бирок күтүлгөн жыйынтык болгон эмес.

Иманкулов Кыргызстанга каршы мындай куралдуу агрессияны Рахмондун жеке буйругусуз ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

"Тажик тараптан эч кандай реакция болгон жок. Куралдуу аракеттер болгон жерге УКМКнын башчысы да келген. Ок атууну токтотууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Жогору жактан тиешелүү буйрук болбон эмес. Эгер буйрук бергенде дароо токтомок", - деп белгиледи ал.

Иманкулов Тажикстандын жетекчилиги маселени тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар эмес деп эсептейт. Буга эки президенттин былтыр жаздагы жолугушуусу далил.

"Эсиңиздерде болсо, былтыр 29-апрелдеги окуядан кийин биздин президент Рахмонго барып сүйлөшүүнү чечкен. Коомчулук муну колдобой турганын, ага карата сындар болорун да билген. Бирок ага карабай ал барып, көзмө-көз сүйлөшүп келейин деген. Кайтып келгенден кийин президент Рахмон менен сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин айтып, таң калган. "Рахмон чек ара маселесин чечүүгө ниети жок экен, ал менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес экен, түшүнбөйт экен" деп келген. Ошондон кийин кайра чыр боло берерин түшүнгөнбүз", - деди Иманкулов.

Андан сырткары Иманкулов бизге карата ок аткан тажик аскерлеринин арасында жалданма башка өлкөнүн жарандары да бар деген маалымат боюнча оюн билдирди.

"Биздин аскерлер алар менен каршы кагылышууда байкды. Сакалчандар карапайым калкка ок чыгарган. Тажик тарап сүрөттөрдү чыгарышканда арасында Афганистиандын жарандары бар экенин билдик. Аны далилдедик, аты-жөнүн билебиз. Терористтик уюмдун мүчөлөрү бар экенин аныктадык. Бул алдын ала даярдалган Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясы деп тыянак чыгардык. Эч качан мындай деңгээлде кагылышуу болгон эмес. Бул коңгуроо кага турган мезгил келди дегенди түшүндүрөт", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8534