Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады
RU

Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин Россия Федерациясына жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Мобилизациялоо иштери 21-сентябрда башталат. Чакырылгандар аскердик даярдыктан өтүшү керек.

Президенттин жарлыгына ылайык, аскердик кызматка запастагы, биринчи кезекте куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн, белгилүү аскердик адистиктерге жана тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар гана өтүшөт.

Путин жарандарга кайрылып, Россиянын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоо жана орус элинин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жарым-жартылай мобилизациялоо чарасы кабыл алынганын айткан.

"Материалдык, ресурстук жана каржылык жактан камсыздоонун бардык маселелери өкмөт тарабынан тез арада чечилиши керек", - деди Путин.

Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу жарым-жартылай мобилизациялоо учурунда жалпысынан 300 миң резервист чакырыла турганын билдирди. Ошол эле учурда ал Россиянын жалпы мобилизациялык ресурсун 25 миллион адам деп баалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8536