Баткенде 365 үй талкаланган
RU

Баткенде 365 үй талкаланган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда 365 үй талкаланган. Бул тууралуу КР ӨКМнин куткаруучуларды даярдоо борборунун жетекчиси Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, эртеңден баштап Баткен облусунда талкаланган объектилерди тазалоо иштери башталат.

"Баткен районунда жалпысынан 365 турак жай, 6 стратегиялык объекти, 168 сарай, 168 жашоону камсыздоочу объект жана 16 автоунаа талкаланган", - деди ал.

Жолдошбаевдин айтымында, облуска 53 атайын техника жана 615 куткаруучу тартылган.

"Алар гуманитардык жардамды кабыл алуу, жөнөтүү жана жеткирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда талкаланган объектилерди текшерип, келтирилген зыянды эсептептөөдө", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8539