Садыр Жапаровдун Нью-Йорктогу иш сапары аяктап Бишкекке келди
RU

Садыр Жапаровдун Нью-Йорктогу иш сапары аяктап Бишкекке келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчысы 193 өлкөнүн мамлекет, өкмөт башчылары жана делегациялары катышкан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебатына катышып, сөз сүйлөдү.

Президент Садыр Жапаров БУУнун бийик трибунасынан дүйнө коомчулугунун назарында сөз сүйлөп кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы Кыргызстанга болгон негизсиз агрессия тууралуу кеп кылды.

Ушул эле күнү мамлекет башчысы БУУнун Катчылыгынын имаратында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуп, уюм менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады.

Ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Садыр Жапаров чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү.

Швейцариянын Президенти Игнацио Кассис, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани, БУУнун билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) башкы директору Одри Азулей, БУУнун өнүктүрүү боюнча администратору менен жолугушуулар болду.

Жумушчу сапарын аяктаган президент Бишкекке кайтып келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8547