Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча бир катар тапшырмаларды берди
RU

Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Баткен облусундагы учурдагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Ага министрлер кабинетинин жетекчилиги жана мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Коопсуздук кеңешинин катчысы катышты.

Кеңешмеде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, Садыр Жапаров биринчи кезекте, чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө, жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүгө жана толук кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө кыска мөөнөттө курууга, социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8560